“Өнүгүшүбүзгө көмөк көрсөтүлгөн эмес”:  Рахмондун Путинге сын айтканы талкуу жаратты

Тажикстандын президенти “Борбор Азия – Орусия” форматындагы алгачкы саммитте Орусиянын аракеттерин сындаган сөз сүйлөдү.

“Советтер союзу кантип кулаганына сиз менен чогуу күбө болгонбуз. Биз ошондо да азыркы учурдагыдай, чакан республикаларга, аз улуттарга жакшы көңүл бөлүнбөгөнүн көрүп жүргөнбүз. Биздин салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз менен эч ким эсептешпеген.

Өнүгүшүбүзгө көмөк көрсөтүлгөн эмес. Көңүлдүн баары Ташкент, Алматы, Минск жана Киевге бурулуп турган. А биздей өлкөлөргө сүттү бер, этти өндүр, пахта терип бер деген тапшырмалар берилген,  — деген тажик президенти.

Рахмондун Орусия өз кызыкчылыгына туура келген азык-түлүк жаатында Борбор Азия менен сооданы жандантууда, бирок анын ордуна стратегиялык өнөктөштөрүнө тең мамиле жасабай жатканын кошумчалады.