ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

2022-жылдын 14-октябрында ички иштер министринин орун басары,  милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун катышуусунда Атайын багыттагы полкунда 9 айдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме болуп ѳттү. Полктун 9 айда аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты полктун командири, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев баяндады. Мындан тышкары Кеңешменин жүрүшүндө ар бир жетекчи ѳзү жетектеген бѳлүктѳрдѳгү жетишкендиктерин белгилеп,  пландаштырылган иш-мерчемдери жѳнүндѳ маалымат беришип, алдыга коюлган тапшырмаларды ѳз убагында туура, так аткарууда ѳз сунуштарын киргизишти. 
9ee00400 34fe 4ead 9b62 6090e58d2fc2 ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов полктун алгылыктуу аткарып жаткан күжүрмѳн-кызматтык иштерине ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматкерлердин күжүрмѳн даярдыгын жогорулатып, ѳздүк курамдын патриоттуулугун бийик деңгээлге кѳтѳрүү талабын койду. Ошондой эле, атайын багыттагы полктун материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча министрлик тарабынан колдоо кѳрсѳтүүлөрүн белгилеп кетти.


Ыкчам кеңешмени жыйынтыктап жатып Полктун командири Бакыт Матмусаев Атайын багыттагы полкунун жетекчилик курамына, кызмат башчыларына, батальондун жетекчилерине, АБПнын атайын операциялар отрядынын командирлерине төмөндөгү тапшырмаларды койду: өздүк курамдын негизги багыты болгон күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, өздүк курамдын дене-тарбия чыдамдуулугун күчѳтүү, жѳѳ жүрүштѳрдү байма-бай ѳткѳрүү, кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту сактоо боюнча алдын-алуу иш-чараларын жүргүзүү, күтүлбөгөн тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу, жеке тарбия иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу.

WhatsApp Image 2022 10 14 at 12.45.21 ИИМдин Атайын багыттагы полкунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы