Бишкекте жол эрежесин бузуудан бюджетке 123 млн сом түштү

Бишкекте акыркы тогуз айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 234 миң 990 протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке 123 млн 627 миң 890 сом өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

  • Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 1 миң 557 протокол;
  • Мас абалында автоунаа башкаруу 2 миң 236;
  • Автоээнбаштык 42;
  • Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо 530;
  • Жасалма номер менен автоунаа башкаруу 62;
  • Коопсуз курун тагынбай автоунаа башкаруу 52 миң 664;
  • Токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу 125 миң 945;
  • Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 18 миң 606;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 33 миң 348;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 19 миң 801 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.