Слесарев Сергей Петрович санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
-Слесарев Сергей Петрович 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Экономика» адистиги боюнча бүтүргөн;
— 2003-жылы Кыргыз-Орус славян университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик кызматтагы эмгеги үчүн Сергей Слесарев көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.