Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарында “Касап” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 6-октябрь күнү Ош облусунун 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган.

 Анда ал 2022-жылдын 4-октябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган «Лофт» кафесинде отурган жеринен ага бейтааныш болгон жаран эч себепсиз бычак такап, аны уруп кетишкендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган. Жогорудагы кылмышты жасаган атуулдун өздүгүн тактоо максатында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүгүзүлүп, жыйынтыгында жабырлануучуну уруп, денесине жарат келтирген атуул криминалдык чөйрөдө “Касап” деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.