Камчыбек Ташиев: “Кыргызстаныбыз азайып кеткен жок”

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча келишим долбооруна ылайык Кыргызстандын аянты 15 миң 806 гектарга көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кезексиз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Жыйында Ташиев эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берди.

Өз сөзүндө ал Өзбекстан менен чек ара маселесин чечишүүдө талаштуу жерлердин дээрлик баары Кыргызстанга өткөнүн айтты.

Ал белгилегендей, жалпы айтканда Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жер алынууда (мунун ичинде Союз убагында Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жердин ордуна кенемте катары берилген жер бар).

Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад турган 4 миң 485 гектар жерди бергени жатат.

Ошол эле учурда ал Кыргызстандын аймагы кошумча 15 миң 806 гектарга көбөйүп жатканын билдирди.

«Кыргызстаныбыз азайып кеткен жок», — деди ал.