Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, «102» кызматына Чоң Чүй каналынын Лермонтов көчөсү менен кесилишинде болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.