Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок

Садыр Жапаров Алтынбек Сулаймановдун кызматтан кетишин тууралуу “Кабарга” берген кенен маегинде төмөндөгүлөргө токтолду:

” Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да.

Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да.

Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын”, – дейт президент.

Ушул жылдын  24-февралында дайындалган депутат Алтынбек Сулайманов жергиликтүү бийликте азыркыдай башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай жылыш болбоорнуа көзү жеткенин билдирип, кызматтан кеткен.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырып бергенин Садыр Жапаров сынга алды.