Жаңы дайындалган министрлер тааныштырылды

  • Министрлер кабинетинин жыйынында жаңы дайындалган министрлер тааныштырылды
IMG 20221008 100057 Жаңы дайындалган министрлер тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жыйындын башталышында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрү: транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тааныштырылды.

Министрлер Кабинетинин жыйынынын күн тартибинде 20 маселе коюлган, анын ичинде 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы бар.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, бул документ ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтарды берүү максатында иштелип чыккан жана статистикалык өндүрүштү модернизациялоого багытталган.

Талкуунун жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын кабыл алууну жактырышты.