Бишкекте дем алыш күнү жабыла турган көчөлөрдүн тизмеси

Бишкек шаарында 9-октябрда  «Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул иш-чарага байланыштуу саат 6:00дөн баштап марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жабыла турган көчөлөр:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова проспектисине чейин;
— Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;
— Айтматов көчөсү Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.