Жогорку Кеңеш төрт министрликтин башчылыгына сунушталган талапкерлерди колдоду

 6-октябрда Жогорку Кеңеш төрт министрликтин башчылыгына сунушталган талапкерлерди колдоду.

Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Уланбек Мамбетакунов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына Алтынбек Максүтов, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчылыгына Тилек Текебаев, энергетика министринин кызмат ордуна Таалайбек Ибраев сунушталган.