Ошто пахтаны кайра иштетүү заводу ишке берилди

Оштун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында “Ак-Текс” пахтаны кайра иштетүү заводу ишке берилди. Заводдун негизги иш багыты Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйкандары өндүргөн пахтаны кабыл алуу, кайра иштетүү жана үрөндөн пахта майын жана мал чарбасы үчүн тоют (күнжара) өндүрүү болуп саналат.

Завод Түркия мамлекетинин ишкерлери менен бирге баасы 80 млн сомдук долбоор менен курулду. Пахта заводдун аянты 1,5 гектарды түзөт. Кубаттуулугу суткасына 30 тонна пахтаны кайра иштетип, 13 тонна таза була алынат.

“Ак-Текс” пахта заводунун негизги артыкчылыгы дыйкан фермерлерди эрте жазда, март-апрель айларында пахтанын сапаттуу үрөнү менен полиэтиленовый пленка, минералдык жер семирткич, ядохимикаттар менен камсыздайт.