Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 миллион сом түштү

Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 315 млн 432 миң 302 сом 14 тыйын түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы 3 миң 724 акча которуу болгон.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.