Уланбек Мамбетакунов Бейшеналиевдин ордуна министр болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилей кетсек, буга чейинки министр Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалган.