Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата баардык аймактар жашыл зонада.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.