Кумтөр боюнча коомдук комиссия түзүлдү

Кыргызстанда саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобу Кумтөр боюнча коомдук комиссия түзүштү. Бул тууралуу 30-сентябрда комиссияга төрага болгон саясатчы Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, комиссия маселени ар тараптуу, көз каранды эмес негизде иликтеп, коомчулукка маалымат берүүнү максат кылууда.

Бекназаров керектүү расмий документтерди алуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрыларын маалымдап, өлкө жетекчилигинен ар тараптуу жардам күтөрүн белгиледи.

Комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев, экономист Гани Абдирасулов, юрист Данияр Эркинбаев, талдоочу Айданбек Акматов, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкулов кирди.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин 13 депутаты кирген.