Жанар Акаев: Министрди кармагандан кийин жүз миңдеген мугалимдин духу түштү

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы боюнча оюн билдирди.

Ал жыйында Министрлер кабинетине кайрылуу жасады.

«Эгер кайсы министр, ким болбосун мажбурлап пара талап кылып, акча алган болсо жазасын алыш керек. Бирок ушунтип видеосуна музыка коюп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды, ушундай шоуну качан токтотосуңар. Билим берүү министри пара алган күндө дагы саясат, мамлекеттик идеология болуш керек. Бүгүн министрдин колун кармап кеткенден кийин жүз миңдеген мугалимдин духу түштү.

Пара талап кылган, акча алган күндө дагы видеого тартып, музыкасын коштоп чыгарбай эле чакырып, «пара талап кылдың ката кетирдиң жумуштан кет» десе кызматын тапшырат эле го! Жүз миңдеген мугалим колун түшүрүп, шалдай отурум калды. Алар мектепте балдарга кантип акыл үйрөтөт. (…). Анча-мынча нерсени жашырыш керек да. Аны элдин баары «тузакка илинди» (подстава) деп жатышат. Биз мугалимдерге сокку урдук», — деди ал.