Жогорку Кеңеште Баткенди Манас облусу деп атоо сунушталды

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткенди Манас облусу деп атоону сунуштады.

Отурумда Икрамов бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

«Кыргызстан Баткенден башталат деп айтып келе жатабыз. Бүгүнкү күнү Баткендин абалы оор болуп турганда Баткендин баатыр эли колдосо, Баткенди Манас облусу деп атоону сунуштайм.

Ушул боюнча өкмөт тиешелүү иштерди жүргүзсө. Менин сунушумду Баткен облусунун эли колдосо, кыргыздардын башын бириктирген баатыр Манас атабыздын атын облуска ыйгарууну сунуштайм», — деди ал.