«Кыргызалтын» ишканасына жаңы директор дайындалды

Суеркул Бакиров «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин жаңы төрагасы болуп тандалды.

Компаниядан кабарлашкандай, 27-сентябрда «Кыргызалтындын» акционерлеринин кезексиз жыйынында Тилек Мамбетов төрагалыктан кеткен.

Ошондой эле директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп Кубат Абдраимов шайланды.