Күз-кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, – Айталиев

Быйыл күз-кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Отурумда депутат Улукбек Ормонов «быйыл кышында электр энергиясына чектөөлөр болбойбу?» деген суроо узаттты.

Суроого энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев жооп берип, кышында жарыкты өчүрүү тууралуу сөз болбогонун билдирди.

«Чектөөлөр болбойт. Электр энергияны чектөө тууралуу сөз да кылган эмеспиз», — деди ал.

Депутат сөзүн улай, өкмөттүн эки жыл мурдагы токтомунун негизинде Өзгөн районунун жашоочуларына электр энергиясына чектөө киргизүү тууралуу кабарлама келип жатканын айтты.

«2020-жылдын 27-октябрындагы №520 токтомунукн негизинде Өзгөн районунда ноябрь айынан апрель айына чейин чектөө киргизип жатышат. Себеби катары «1 жылдык норма колдонулган» деп жазылыптыр. Ал чектөө эртең мененки саат алтыдан тогузга чейин киргизилет деп жазылып турат. Бул расмий билдирүү болуп жатат», — деди Улукбек Ормонов.

Андан соң Айталиев аталган маалыматты тактай турганын билдирди.