Кеминде жол кырсыктан эки адам (эне-бала) каза болду

Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолк ырсык 23-сентябрда саат 19:30да Бишкек  — Нарын  — Торугарт унаа жолунун 93-чакырымында катталган.

“Мерседес Спринтер 412” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Кеминдин Жаңы-Алыш айылынан алыс эмес жерде 2 жөө адамды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган Б.Ч.Д. жана 2020-жылы туулган М.Э.Н. (эне-бала) окуя болгон жерде каза болушкан.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.