«Кыргызстан улуттук электр тармагына» жаңы башкы директор дайындалды

Рысбеков Алтынбек Дурусбековичти «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков жамаатка тааныштырды.

Рысбеков Алтынбек Дурусбекович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Жумаев Медетбек Эргешович аркалап келген.

Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков компаниянын жаңы жетекчилигине жана жамаатына ийгиликтерди каалап, энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоонун жана аны ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.