Коргонбай Жусупбек уулу парламенттин жыйындар залынан курал менен чыкты, – сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай Жусупбек уулу парламенттин жыйындар залынан куралга (Калашников автоматы) окшош буюм менен чыкты. 

Депутат эч кандай комментарий бербестен өзүнүн иш бөлмөсүнө кирип кетти. Кайрадан жыйындар залына бара жатып, ал журналисттерге бул муляж, уулу үчүн оюнчук экенин айтты.

Белгилей кетсек, депутаттар жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арасынын Баткен жана Ош облусунун Алай районундагы абал тууралуу маалыматты угушууда. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Бактыбек Бекболлотов маалымат берүүдө.

photo 5287306820043522239 x 1 Коргонбай Жусупбек уулу парламенттин жыйындар залынан курал менен чыкты, - сүрөт