Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда ЖМ.П. аттуу жаран «Новосибирск – Ош» багыты боюнча Ош шаарынын аэропортуна учуп келгенде кармалган.
Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча иш ачылган.
«Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.