Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылды:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 501 “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 “Дипломаттык почтаны таануу жана бир жерден экинчи жерге которуу эрежелерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 248 «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган, анда «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын тутумуна өткөрүп берүү каралган.

Аталган чара Бишкек шаарында жана республиканын башка региондорунда, ошондой эле чет өлкөлөрдө дипломатиялык миссияларды жана эл аралык уюмдарды уюштуруунун өтө зарыл көйгөйлөрүн жана маселелерин андан ары натыйжалуу чечүү аркылуу аталган ишкананын статусун жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.