Барымтага алынган кыргызстандык аскерлердин бири жаракат алган

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптан барымтага алынган кыргызстандык аскерлердин саламаттыгынын абалы тууралуу айтып берди.

Ведомстводон белгилешкендей, аскер кызматкерлеринин абалы жакшы. Бирок, алардын бири жаракат алган.

“Учурда аскер кызматкерлерине Баткендеги медициналык мекемеде тиешелүү меджардам көрсөтүлүүдө, — деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.

Эскерте кетсек, бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик аскерлери тарабынан кармалган УКМК Чек ара кызматынын төрт аскерин бошотууну макулдашкан.