Кытайдын жарандарын карактап кетишкен чет өлкөлүк жарандар кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББдин, Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери чет элдик жарандардан турган уюшкан кылмыштуу топтун катышуусу менен чет элдик жарандарга карата каракчылык менен кол салуу фактысынын бетин ачышты. Белгилей кетсек, коомдук коркунучтуу аракеттер маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган.


Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны Ч.Я. кайрылып, анын үйүнө кирип, каракчылык кылып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген кылмышкерлерге карата чара көрүүнү суранган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 13-сентябрында саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан батирге белгисиз адамдар киришкен. Кол салгандар тапанча менен коркутуп, физикалык күч колдонуу менен Кытайдын жаранын (аял кишини) байлап коюшкан, андан соң күйөөсүнүн келишин күтө башташкан.


Саат 23:00 чамасында Кытай Эл Республикасынын жараны 1993-жылы туулган Ч.Л. (күйөөсү) үйгө келгенде, кол салгандар ага физикалык күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, акча жана баалуу буюмдарды талап кыла башташкан. Кол салгандар 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, уюлдук телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды тартып алышып, качып кетишкен. Жабыркагандарга олуттуу материалдык зыян келтирилген.


Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси “Каракчылык” менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө мүнөздөгү иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин жана Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелген жарандар аныкталып, кармалган. Кармалгандар КМШ мамлекеттеринин жарандары 2000-жылы туулган А.Б. жана 1991-жылы туулган Х.Б. болушат.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, каракчылыкка катышкан кылмышкерлер “ишке” кылдат даярданышкан. Алар GPS аркылуу чет элдиктердин, анын ичинде дрондор менен жабырлануучунун унаасына көз салып, жайгашкан жерин аныкташкан. Алар ири шаарлардын базарларынын биринде чет элдиктерди издеп, андан соң аларга көзөмөл уюштурушкан. Алар көп кабаттуу үйдүн үстүнкү кабаттарында жайгашкан батирге кирүүгө үлгүрүшкөн.
Белгилей кетсек, бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ички иштер органдары заманбап маалыматтык технологияларды колдонушкан. Бир нече күндөн кийин кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Кармалгандардын жашаган жерине тинтүү учурунда Макаров тапанчасына окшош курал, шаймандардын жана жабдыктардын топтому, анын ичинде дрондор табылып, алынган.
Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө. Иликтөө жүрүп жатат.

image 18 3 Кытайдын жарандарын карактап кетишкен чет өлкөлүк жарандар кармалды
30219e4c fdc6 4c70 aff7 ec2c2979f02f Кытайдын жарандарын карактап кетишкен чет өлкөлүк жарандар кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы