Бүгүн, 20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасына келди. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жалпы дебаттар башталаар алдында мамлекет башчысын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды.
Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында президент Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринен биринчилерден болуп сөз сүйлөйт, ал тизмеде жетинчи орунда болуп сөз сүйлөдү. Ал кыргыз тилинде сүйлөдү.
Анда ал Тажик тарап мурда да биринчи кол салып, анда да адам жоготуулар болуп, олуттуу обьектилер жок болуп, кайра тургузулганын айтты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө, ошол учурда эч нерсеге карабай, ошол маалда Душанбеге барып, Эмомали Рахмонго жолукканын да баса белгиледи.
Бирок, бардык келишимдер сакталбай, аткарылбай келээрин билдирди.