Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маанилүү региондук долбоор, – Жапаров

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Өлкөбүздүн өздүк потенциалы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун негизги булагы жана кыймылдаткычы болушу керек деп эсептейм деген президент Садыр Жапаров бул максатта биздин аракеттерибиз экономиканы ылдам, сапаттуу өстүрүүгө, анын ичинде ага өз ара пайдалуу региондук жана эл аралык соода-инвестициялык кызматташуу аркылуу жетишүүгө багыттала турганын белгиледи.

«Мисалы, Кыргызстан интеграциялык жана кооперациялык процесстерге, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын “Бир алкак – бир жол”демилгесинин алкагында активдүү катышууда.

Биз бардык кызыкдар тараптар менен ишкердик кызматташууга жана инвестициялык өнөктөштүккө ачыкпыз.

Белгилүү болгондой, Борбордук Азиянын деңиз менен байланышы жок, ушуга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маанилүү региондук долбоор болуп саналат.

Аны ишке ашыруу Улуу Жибек Жолунун каттамында жайгашкан Борбордук Азия үчүн эл аралык соода-инвестициялык, транзиттик жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет», — деди өз сөзүндө Жапаров.