Баткен үчүн атайын атайын эсепке 70 млн 409 миң 23 сом түштү

 Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 70 млн 409 миң 23 сом түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар үчүн жумашалат.