
Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык маянасын Баткен облусунун тургундарына жардам катары которот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Жогорку Кеңешинин депутаттары бир айлык маянасын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам катары которот. Ал эми Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери эки күндүк эмгек акысын берет»,-деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке акыркы маалымат боюнча 9 млн. 862 миң сом чогулду.