Фактчек: Казакстан Кыргызстанга аскердик техника бергени жалган

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам, соцтармакта Казакстан Кыргызстанга аскердик техника берди деген маалымат жайылтылып жатат. 

Биздин редакция маалыматтын чын-жалганын текшерип көрдү. 

Тасма ТикТок тиркемесине 16-сентябрда жүктөлүп, бир күндө 650 миңге жакын көрүүчү топтоду. Аны соцтармак колдонуучулары казак боордошторго ыраазычылык айтып бөлүшүп жатат. 

Белгилей кетсек, видеодо Казакстандын Хабар 24 телеканалынын жаңылыктар программасынан “сенат депутаттары Кыргызстанга аскердик техника жиберүүгө макулдук берди” деген жери кыркылып алынган. Анын экинчи бөлүгүнө оор аскердик техникалар жөнөп жаткан кадр кошулган. 

Видеодогу оор аскердик техникалар жөнөп жаткан кадрларда Казакстандын коргоо министрлигинин ютуб каналынын логотиби бар. Бул белги менен издегенде тасма министрликтин ютуб каналына 5-апрелде жүктөлгөнүн таптык.  Анда видео “Казакстан Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасынын Контролдук текшерүүнүн алкагында жөнөп жаткан учуру” деген аталышта жүктөлгөн. 

2NrFuhGHCmoV5AkXs9xbZJlT7Pp1KC6f7 ticKaKi7R8B DEAUr9PEWqyDODG4sdaPC2DXWljTD0Ionep5534YXBqykMkfrXaDgZUeZiD hq4GbhRFd3avk5a9ZUc5pOZdBkHPGMm qCiR59Sh leGFizEO5fp0jqEtZJsUwQ5PD02ci1FImz2H  Фактчек: Казакстан Кыргызстанга аскердик техника бергени жалган

Анын баяндамасында казак армиясы кышкы окутуу аяктагандан кийин аскерлерди текшерүүдөн өткөрүү үчүн техникаларды полигонго алып чыгып жатканы айтылат. 

Ал эми, видеодогу жаңылык Хабар 24 телеканалынын жаңылыктар маалымат программасына 26-майда чыккан. Ал телеканалдын YouTube-каналында да бар. 

GwvSOj 3h0jgwvNd884nvluPjQYwf3NXtywpSJDzhvkp5Tmu7hWbsXNdF451xHh9XIvTkmrYKvAgD9c6aIRAy8o7jG5BIF oyOfz5U63nnK6bvKlOC XhkFNVFZNJi04C9sw153xx4U9h3qLwwIguz1 BNW2D datKl8JCVqG0LXQwKslA5 T 89  Фактчек: Казакстан Кыргызстанга аскердик техника бергени жалган

Ал күнү казак депутаттары “Казакстан Республикасынын өкмөтү менен КРнын министрлер кабинетинин ортосундагы аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карап колдоп берген.

Бул 2021-жылы 7-декабрында эле кол коюлуп макулдашылган келишим. Мыйзамдын кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат башка казак сайттарына да чыккан. Анда техника Кыргызстанда тынчтыкты сактоо үчүн колдонулаару, үчүнчү тарапка берилбей, КМШ өлкөлөрүнө каршы колдонулбай турганы айтылган. Бирок техниканын Кыргызстанга жиберилгени тууралуу маалымат жок. 

Жыйынтык: фейк. Кыргызстанга Казакстандан оор аскердик техникалар келгени жалган. Техникалардын жөнөп жаткан учуру Казакстандын аскердик техникасынын Контролдук текшерүү учурунда тартылган. Ал эми телеканалдагы жаңылык эски маалымат. 

Булак: “Т-медиа”