Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек

Телеграм-каналдарда «Кыргызстандын аскерлери оор техникаларды колдонуп, Тажикстандын Хожаи Аъло, Куммазор, Сурх, Сомониён, Кулканд калктуу конуштарына, Исфара, Хизтеварз жана Овчи Калача, Бобожон Гафуров райондоруна кол салышты» деген маалымат тарап жатат. Анда мындай билдирүүнү «Ховар» улуттук маалымат агенттиги Тажикстандын Чек ара кызматына таянып таратканы айтылат. 

photo 5273971058258590629 y Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек

«Т-Медиа» бул маалыматты текшерди.

!Маанилүү: ушул тапта Тажикстандын бир катар басылмалары Кыргызстандын аймагында ачылбай жатат.

%D0%A5%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D1%80 Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек
«Ховар» сайтынын скриншоту
%D1%81%D0%BF%D1%83%D1%82%D0%BD%D0%B8%D0%BA %D1%82%D0%B0%D0%B4%D0%B6%D0%B8%D0%BA%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BD Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек
«Спутник Тажикстан» сайтынын скриншоту

Тажикстандын бир катар басылмалары да маалыматты «Ховарга» таянып жазышкан. 16-сентябрда “Азаттыктын” орус кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал тууралуу макала жарыялаган. Анда Кыргызстандагы кырдаал боюнча УКМКнын чек ара кызматына таянып маалымдаса, тажик тараптын версиясын «Ховарга» шилтеме кылган. 

%D0%90%D0%B7%D0%B0%D1%82%D1%82%D1%8B%D0%BA %D1%80%D1%83 Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек

Жаңылыкты жайылткан pressa.tj сайты  да «Ховарды» алгачкы булак катары көрсөткөн. Анда «Ховар» тажик УКМКсынын Чек ара кызматына шилтеме кылып, кыргыз тарап тажик айылдарына таңкы саат төрттө кол салганын жазган. Бирок бул маалыматты көз карандысыз башка булактар тактаган эмес.

%D0%9F%D1%80%D0%B5%D1%81%D1%81%D0%B0 Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек

«Ховар» басылмасынын Кыргызстанды күнөөлөгөн маалыматын тажикстандык журналист Ориф Йодгоров (Orif Yodgorov)  «Твитердеги» баракчасына бөлүшкөн.

%D0%9E%D1%80%D0%B8%D1%84 Тажик ЖМКларынын кыргыз аскерлерин бир тараптуу каралоосу. Фактчек

Мындан улам, тажикстандык айрым сайттар маалыматты бир тараптуу чагылдырып, Кыргызстандын позициясын берген эмес деген жыйынтыкка келебиз. «Ховар» жана pressa.tj басылмалары Тажикстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин бузулушуна жол берген. Кодекстин тактык, бейтараптуулук, баланс тууралуу принциптери бузулган.

Тажик аскерлери кыргыз айылдарына кирип барган

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атылды. 14-сентябрда башталган конфликт 16-сентябрда курчуп кетти. Кыргызстандын чек ара кызматы кагылышууга тажик тараптан кайсы бир куралдуу топко тиешеси бар экенин аныктаган белгиси жок, белгисиз формачан адамдар катышып жатканын кабарлаган. Ал арада социалдык тармактарда граждандык жана белгисиз форма кийген кишилер кыргыз айылдарына бастырып кирип барган видеолор тарап кетти. Тасмада тажиктер мектеп, заставаларды ээлеп, өздөрүнүн желегин илип жатканын көрүүгө болот. Кийин Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери Достук айылындагы мектепти басып алганын билдирди.

16-сентябрда «МедиаХабдын» командасы тажик тарап кайсы айылдарга бастырып кирип барганын иликтеген. Журналист Арген Бакытбек уулунун айтымында, алар Кыргызстандын Максат, Достук жана Ворух анклавына жакын жайгашкан Ак-Сай айылдарын басып алып, аскердик заставаларга тажик желегин илген. 

Жыйынтык: тажикстандык сайттардын «кыргыз чек арачылары оор техникаларды колдонуп, калктуу конуштарга кол салды» деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Мындан тышкары ЖМКлар кесиптик этиканын бузулушуна жол берген.