Тажикстан кыргыз чек ара тозотторун аткылай баштады

Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, саат 06:00до тажик тарап  Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергесиндеги кыргызстандык чек арачыларга ок чыгара баштаган. Саат 06:30да «Көк-Таш» чек ара тозоту жооптуу болгон тилкени миномет менен аткылоого өткөн.

Ошондой эле саат 07:10дордо Паскы-Арык жергесиндеги «Самаркандек» чек ара тозотун аткылоо башталган.

Саат 07:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган деп бааланууда.

Учурда кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Абалды турукташтыруу жана чырдын мындан ары курчуп кетпешине бардык аракеттер көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болуп, Чек ара кызматы ок атышууну Тажикстан тарап баштаганын билдирген. Анын айынан эки чек ара кызматкери, үч жай тургун жарадар болгон.