Владимир Путин менен Садыр Жапаров кучакташып учурашты

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. 

Анда Орусиянын лидери Путин мамлекет башчы Жапаров менен кучакташып жылуу учурашты.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.