
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине материал катталган.
2022-жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды.