Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда

Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы айылдарды аткылоодо. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

“Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек, ”- , деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган айылдардан жай тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.