Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондор бар, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.
- “15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумду. Каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда”, — деп айтылат маалыматта.
Саат 18:00гө карата ооруканага жалпы 55 жабырлануучу жаткырылган. Анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Алардын көбү денелеринин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан жаракат алышкан.
Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
— Баткен облустук бириккен ооруканасы — 23 жабырлануучу;
— ЖДПБ Лейлек 22 жабырлануучу;
— ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
— Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу,
— Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.