Эвакуацияланган жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда

Баткенде убактылуу пунктардагы жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 16-сентярбрда саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

x307012413 460968539409211 2730315907948000124 n 1 e1663316233904.jpg.pagespeed.ic.4kCLLnhg9O Эвакуацияланган жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда
Эвакуацияланган жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда