
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.
Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталыган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.
ИИМдин Басма сөз кызматы