Бекназаровдун уулу экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча сурак берген

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

«Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталыган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды», — деп айтылат маалыматта.