Жол эрежелерин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

12-сентябрда парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында жол эрежелерин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов мыйзам долбоорундагы айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу тууралуу айтылган айрым нормаларды санап өттү.

Ал белгилегендей, азыркы мыйзамдарда унаа башкаргандарды кайсы бир жол эреже бузуусу үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу деген норма жок. Мындан улам бир жаран 15 жолу мас абалында кармалса да, айып пул төлөр кутулуп кетет.

Күбөлүктөн ажыратуу тууралуу айрым нормалар:

— Мас абалында, баңгизат же психотроптук заттарды колдонуп унаа айдаса же жол кырсыгы болгон жерден качып кетсе, айдоочулук күбөлүк 3 жылга алынат. Мурункудай айпып пул төлөө, коомдук иштер болбойт.

— Айдоочулук күбөлүк ала элек адамдар мас абалында кармалса, 3 күнгө камакка алынат.

— мас абалында (баңгизат же психотроптук зат колдонуп) жол кырсыгына кабылса, айдоочулук күбөлүктөн 10 жылга ажырайт. Жаза мөөнөтү аяктагандан кийин кайра кайталанса, өмүр бою айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат.

— ошол эле учурда унаа ээси унаасын мас адамга айдаганга берсе, ичимдик ичкен киши күбөлүктөн ажыратылып, унаа ээсине 20 миң сом айып пул салынат.