“Сербиядан түз эфирге чыгара албайт”. Дүйнө чемпионатын УТРК Спорт телеканалы көрсөтпөй жаткандыгы боюнча үн катты

77kg Gr Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатын УТРК Спорт телеканалы көрсөтпөй жаткандыгы боюнча аталган каналдын продюсери Шайырбек Арапов Фейсбуктагы баракчасына түшүндүрмө жазды.

«Эмне үчүн КТРК Спорт күрөш боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтпөй жатасыңар деген суроолор келүүдө. Ооба, көрсөтпөй жатабыз. Анткени бизде лицензия жок, лицензия абдан кымбат турат. КТРК Спорт контент, лицензия сатып алсын деп мамлекет тарабынан бюджеттен акча каралган эмес. Кандай спорттук иш-чараларды чагылдырып жатсак ошонун баары мүмкүнчүлүккө жараша болууда»,-деп жазган Арапов.

Мындан тышкары ал КТРК оператор жибериптир, бирок түз эфир чыгарбай жатат дегендерге дагы жооп берген.

«КТРК оператор жиберген жок, жиберген күндө да оператор тартып түз эфирге чыгара албайт. Анткени дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW өз контентин толугу менен көзөмөлдөп, коргоп турат. Акыркы убакытта 2023-жылга карата күрөш боюнча турнирлердин лицензиясын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, эгер дүйнөлүк күрөш федерациясы UWW биз сунуштаган суммага макул болсо сөзсүз 2023-жылдан баштап көрсөтөбүз. 2022-жылдын лицензиясын 2021-жылдан баштап колубуздан келишинче аракет кылып сүйлөштүк, бирок лицензия үчүн каражат жеткен жок. Лицензия жок болсо да КТРК спорт телеканалынын комментатору өз убагында интервьюларды алып бизге жаңылыктарга жиберип жатат. Сиздердин айыптоолорду туура түшүнөм, бирок биздин азыркы учурдагы бюджетибиз лицензия алууга жол бербейт»,-деп кошумчалаган ал.

Буга чейин интернет колдонуучулар Дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовдун беттештерин түз эфирде УТРКнын Спорт каналынан көрсөтүлбөгөнүнө нааразы болушуп, каналдын жетекчисин сынга алышкан.