Бир жумада 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3672;
  • автоунаанын тиешелүү документи жок – 205;
  • транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;
  • автоээнбаштык – 6;
  • жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 646;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;
  • жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;
  • айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 14;
  • мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 213.

Унаа токтотуучу жайга 1007 автоунаа токтотулду.