Кара-Балта шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды


2022-жылдын 4-сентябрында Т.К. атту жаран Жайыл райондук ички иштер
бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын
3-сентябрында, түнүчүндө Кара-Балта шаарындагы Гоголь көчөсүндө токтоп
турган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен белгисиз
адамга карата чара көрүү өтүнүчү билдирген.


Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
210-беренесинин (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу)
негизинде кылмыш иши козголгон.


Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жана Бишкек шаардык Кайгуул
кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын
жүрүшүндө бул кылмышка шектүү 1972-жылы туулган М.С. аттуу жаран
кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин
96-беренесинин негизинде Жайыл РИИБнын убактылуу кармоочу жайына
киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.