Мечиттерде адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар жасалмакчы

Мечиттерде балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар жасалмакчы. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыймандын жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.

Эки күн мурун 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Алдын-ала маалыматтарга караганда зордукталып мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.