Канадада ага-ини 10 кишини бычактап өлтүрүп, 15 жаранды жарадар кылган

Жергиликтүү полиция шектүүлөр изин жашырып кеткенин, аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Кол салуу 13 жерде болгон.

“Кол салуу индиялыктардын Жеймс Смит Кри-Нейшн (James Smith Сree Nation) резервациясында, ошондой эле Уэлдон кыштагында болгон. Курмандыктар мындан дагы көп болушу мүмкүн экендиги айтылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар 31 жаштагы Дэмиен Сандерс жана 30 жаштагы Майлз Сандерс болгон. Учурда шектүүлөргө издөө жарыяланды.