
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрүү бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бекеттен жарандар, транспорт каражаттар жана жүк ташып өтүлүүдө.
Эскерте кетсек, “Ак-Жол” бекетинде саат 15:00дөн 18:00гө чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулган. Аталган бекеттин иши тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу токтотулган.