13 жаштагы зордукталган кызга жогорку класттын окуучулары кол көтөрүшкөн

Бул тууралуу укук коргоочу Мээрим Осмоналиева Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, 13 жаштагы кыз кээ бир мектеп окуучулары тарабынан куугунтукка кабылган.

Эске салсак, Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарган. Зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15 жылдан, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды.