Бишкекте 42 мектептин директору тандалды

Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынактык тандоонун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка катышууга жалпы 181 талапкер документ жиберген, анын ичинен 49 талапкердин документи жараксыз деп табылган. Тестирлөөгө 129 адам катышып, 3 адам келген жок. Эң жогорку көрсөткүч 87,5%ды түздү.

Эң жогорку упайларды топтогон 42 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Сынактан кийин Бишкекте дагы 20 бош орун калды.